• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ошто тамакка буйрутма берүүчү Яндекс Go кызматы иштей баштады

Бизнес 0

Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Ошто тамакка буйрутма берүүчү Яндекс Go кызматы иштей баштады.

Иштин башында эле сервиске 40 ашык ресторан кошулду

Кафе, ресторандардын даяр тамагына буйрутма берүү кызматы эми Ошто жеткиликтүү. Мындан ары үйгө же кеӊсеге тамакты буга чейин такси, жөнөтмө жана жүк жеткирүүгө унаа чакырткан көбүнө тааныш Яндекс Gо тиркемеси аркылуу алдырууга болот. Мындан тышкары, Дүкөндөр бөлүмүндө колдонуучулар азык-түлүк, белек-бечкек жана үйгө керектүү ар түрдүү товарларга буйрутма бере алышат.

Сервиске арасында KFC, Navat, «Эки Дос», «Ожак Кебап», ОАЗИС болгон 40 ашык ресторан камтылган. Өнөктөштөрдүн тизмеси дагы кеӊейтилет – ал эми жеткирүү зонасы өсө берет. Ошентип керектөөчүлөр сүйүктүү жана жаӊы ашканалардын даамдуу тамак-ашынын кеӊири ассортиментине жеткиликтүү боло алат, ал эми бизнес кошумча сатуу каналына жана кардарлар агымына ээ болот. Кызматтын иш тажрыйбасы көрсөткөндөй, Яндекс Тамак менен кызматташуунун эсебинен ресторандардын сатуу көрсөткүчү 20% өсүштү түзөт.

«Бизди такси чакыруу кызматын көрсөткөн тиркемебиз Ошто 2018-жылдан бери ийгиликтүү иштеп келет. Былтыр шаар жашоочулары үчүн экспресс жана жүк жеткирүү кызматын пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн, жакында «Мото менен» жаӊы тарифи ишке кирди. Бүгүн биз өнөктөштөргө жана колдонуучуларга даяр тамактарды, азык-түлүктү жана товарларды ыӊгайлуу жана тез жеткирүүнү камсыз кылган дагы бир сапаттуу жана технологиялык сервисти сунуштап жатканыбызга абдан кубанычтабыз», - деп Кыргызстандагы Яндекс Тамак кызматынын жетекчиси Арман Досмаилов белгиледи.

Тамак ысык жетиши үчүн сервис жакынкы мекемени сунуштайт. Кабыл алынгандан тартып, көрсөтүлгөн дарекке чейин буйрутманы жеткирүүнү күтүүнүн орточо убактысы 30 мүнөттү түзөт. Бардык ушул баскычтарды тиркемеде көрүп турууга болот – ал онлайн режимде буйрутманын статусун жана жеткирүүчүнүн ордун көрсөтөт. Буйрутмаларды сервистин өнөктөштөрү болгон логистикалык кызматтар жана ресторандардын өздөрүнүн курьерлери аткарат, алар тамакты жөө, велосипед, мопед же машина менен жеткиришет.

Эӊ башында бардык колдонуучулар үчүн жеткирүү бекер болот, ал эми EDANEW промокоду боюнча биринчи буйрутмага 450 сом өлчөмүндө арзандатуу жеткиликтүү. Буйрутманы тиркемедеги аккаунтка байланган банк картасы же болбосо буйрутманы алганда накталай төлөсө болот.

Яндекс Go аркылуу тамак жана товар буйрутма берип баштоо үчүн тиркемени акыркы версияга чейин жаӊылоо же ал мурда орнотулбаса App Store жана Google Play аркылуу жүктөп алуу керек.

Пикир

Оставить комментарий