Ошто таштанды контейнерлеринин жанына видеокөзөмөл камералары орнотулууда

Аймак 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Ош шаарындагы таштанды контейнерлеринин жанына видеокөзөмөл камералары орнотула баштады. Бул тууралуу "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алгач пилоттук долбоор катары 20 жерге орнотулууда. Алар негизинен таштандыны контейнерге салбастан жанына ыргытып, курулуштан чыккан калдыктарды таштанды челегине таштабай кеткен аймактарга орнотулуп жатат.

"Камералар кыймыл-аракетти күнү–түнү жазып, туура эмес таштанды төккөн жарандардын бетин, унаасын кошо жазып калтырат. Белгиленбеген жерге таштанды төгүп жатып, видео байкоого түшүп калгандарга айып пул салынат. Мындай камераларды коюунун максаты – шаардын тазалыгына кайдыгер караган жарандар менен күрөшүү. Белгиленбеген жерге таштанды төгүп кеткендердин айынан шаар булганып, экинчи жагынан оор курулуш калдыктарын жүктөгөн техникалар бузулуп калууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий