• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ошто таштанды төгүүчү жайды рекультивациялоо боюнча пландуу иштер жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Ош-Тазалык” адистештирилген муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү, анын ичинде таштанды таштоочу жайдын абалы менен таанышты.

Ош мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анын жүрүшүндө эски полигонду рекультивациялоо жана жаңы полигон куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча иштерди активдештирүү боюнча тапшырма берилди.

Эскерте кетсек, учурда жаңы полигонду куруу жана эскисин рекультивациялоо маселеси боюнча ЕРӨБ консультанттары алдын ала долбоор даярдашкан. Документтердин пакети уруксат кагаздарын жана техникалык шарттарды алуу үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлдү. Андан соң эскисин калыбына келтирүүгө жана жаңы таштанды полигонун курууга тендер жарыяланып, бул багытта бир убакта иш жүргүзүлө баштайт. План боюнча бул тендер келерки жылдын январь айында өткөрүлөт.

Жаңы полигондун жалпы аянты 24 гектарды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий