• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Ошто таттуу токочтон уулануу. Учурда 14 бала ооруканада дарыланууда

Ден соолук 0


Бишкек, 03.05.22./Кабар/. Учурда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар стационарында 14 бала дарыланууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, балдардын абалы канааттандырарлык.

“Анализдерин кайра кайталап тапшыргандан соң аларга участкалык дарыгердин көзөмөлүндө үйлөрүнө кетүүгө уруксат берилиши мүмкүн. Калган жарандар кечээ медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө чыгарылган”, - деп кошумчалашты мэриядан.

Жарандардын ууланганы тууралуу маалымат чыккандан кийин мэриянын тапшырмасы менен Кара-Суу районундагы «Сахобат» кондитердик цехинен келген азыктар сатылып жаткан дүкөндөргө текшерүү жүргүзүлгөн. Бирок ага чейин эле жеткирүүчүлөр бардык продукциясын сатыктан алып салышкан.

Маалым болгондой, кырдаал Ош шаардык мэриясынын көзөмөлүндө.

Белгилей кетсек, «Сахобат» кондитердик цехинде жасалган таттуу токочтон ууланган жарандардан стафилококк инфекциясы табылган.

Учурда кондитердик цехтин иши убактылуу токтотулган.

Эскерте кетсек, Ош облусунда таттуу токочтон 35 адам ууланган.

Пикир

Оставить комментарий