• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Ошто унаа мектебинин мугалими 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Ошто унаа мектебинин мугалими 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин аймактык бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну 1996-жылы туулган Т.А. арыз менен кайрылган. Ал унаа мектебинин мугалими "Д" аттуу аял "айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзаменден ийгиликтүү өткөрүп, айдоочулук күбөлүк алып беремин" деп, ал үчүн 50 миң сом акчаны пара катарында талап кылып жаткандыгын билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты боюнча Ош ШИИБи тарабынан кылмыш иши козголуп, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлө баштаган. Анын натыйжасында 13-август күнү болжол менен саат 10:00 чамасында арыздануучу жарандан унаа мектептин мугалими Д.С. 40 сом акчаны алып жаткан жеринен кармалды. Ал акчалар далил буюм катарында алынды.

Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий