Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Ош шаарынын Тилеке Баатыр көчөсүндө 26-ноябрда "Опель Астра" унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа Ак-Буура каналына түшүп кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен унаанын 29 жаштагы айдоочусу жабыркаган.
Куткаруучулар окуя жерине жеткенге чейин айдоочуну тез жардам унаасы ооруканага алып кеткен.
Пикир
Оставить комментарий