• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ошто унааны күч колдонуу менен тартып алган делген жарандар колго түштү

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.04.23. /Кабар/. Ош облусунда унааны күч колдонуу менен тартып алган делген жарандар колго түштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, 12-апрелде милицияга Ш.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда Өзгөн шаарында баасы 350 миң сомдук “Део-Тико” унааны чала тааныш адамдар күч колдонуу менен тартып алгандыгы жазылган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (“Тоноо”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 36 жаштагы С.Б. жана 33 жаштагы Т.Р. аттуу жарандар кармалган. Алар Өзгөн райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүүлөр мурда бир нече жолу соттолгон.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий