• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Ошто жаңы муниципалдык базарды куруу иштери эки нөөмөттө жүрүүдө

Аймак 0


Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Оштогу жаңы муниципалдык базарды куруу иштери эки нөөмөттө жүрүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда базардын жалпы конструкциялык каркастарын ширетүү жана орнотуу, коммуналдык тутумдарын кошуу, кире беришиндеги фасадды куруу боюнча ар тараптуу иштер аткарылууда. Ошондой эле төрт тараптан базарга кирүүчү жаңы кошумча жолдорду ачуу иштери дагы жүргүзүлүп жатат.

Алсак, курулуп жаткан муниципалдык базардан Курманжан датка көчөсүнө кошулган Шамшат көчөсүнө чейинки аралыктагы жолду кеңейтүү жана асфальттоо боюнча жумуштар жасалууда.

Мындан сырткары, “Барсбек каган” айланма жолун кеңейтүү да каралып, иш жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий