• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ошто жасалма акциздик марка менен 3 миң бөтөлкө алкоголь тартып алынды

Аймак 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош облусунун Ноокат районундагы салык контролунун жүрүшүндө жасалма акциздик маркалар менен алкоголдук продукция саткан дүкөндү аныкташты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, 3 миңден ашык бөтөлкө арак тартып алынды.

Ишкерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий