• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ошто жаштардын ден соолугуна терс таасирин тийгизген дарылардын сатылышын көзөмөлдөө маселеси каралды

Аймак 0

Бишкек, 27.11.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында адамдын аң-сезимине терс таасирин тийгизген дары-дармектерди жүгүртүүгө көзөмөлдү киргизүү боюнча тегерек стол болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык ички иштер башкармалыгынын баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Тынчтыкбек Жороев, аталган башкармалыктын коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Сейитбек Молдобаев, шаардагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери жана өкүлдөрү, ҮМБнын, чек ара кызматынын, бажы кызматынын өкүлдөрү, фармацевтикалык компаниялардын жана дарыкана түйүндөрүнүн жетекчилери катышты.

Вице-мэр өсүп келе жаткан муундун ден соолугуна кам көрүү максатында талкууланып жаткан маселе абдан актуалдуу болуп жатканын жана тизмедеги бир катар психотроптук дары-дармектер жаш жарандар үчүн оор жана орду толгус кесепеттерге алып келерин белгиледи.

Ошол эле учурда укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жаштардын аң-сезимине жана ден соолугуна терс таасирин тийгизген бир катар дары-дармектер психотроптук жана баңги заттардын тизмесине кирбей турганын, ошондуктан аларды рецептсиз сатып алса болорун белгилешти. Бирок бул дары-дармектер адамдын организмине психотроптук жана наркотикалык заттар сыяктуу эле таасирин тийгизгендиктен, ага катуу көзөмөл жүргүзүү зарыл.

Бул маселени талкуулоонун жыйынтыгында төмөнкүдөй милдеттер коюлду:

- Кыргыз Республикасынын Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментинин Түштүк филиалынын өкүлдөрүнө бул дары-дармектерди психотроптук жана баңги каражаттарынын тизмесине киргизүү боюнча КР Саламаттык сактоо министрлигине кат жөнөтүү тапшырмасы берилди.

- Ош шаарынын ҮМБсына бул дарыларды сөзсүз түрдө рецепт боюнча берүү милдети жүктөлдү.

- Фармацевтика тармагынын өкүлдөрүнө жогоруда көрсөтүлгөн каражаттарды тиешелүү рецепт болгондо гана чыгаруу тапшырылды;

- Тиешелүү кызматтарга бул каражаттарды дарыканалардын аймагынан тышкары мыйзамсыз сатууга бөгөт коюу боюнча иш-аракеттерди күчөтүү талабы коюлду.

Пикир

Оставить комментарий