• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Ошто жашыруун жабдылган терминалдын ээлеринин мыйзамсыз аракеттери токтотулду

Аймак 0


Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Ош шаарындагы жашыруун жабдылган терминалдын ээлеринин мыйзамсыз аракеттери токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы иш-чаралардын жүрүшүндө 2024-жылдын 13-июнунда 2000-жылы туулган КР жараны У.А.нын үйүндө мыйзамсыз терминал жайгашкан жашыруун жайды аныктады. Аталган жерден 19 "SIM"-бокс, 8 персоналдык компьютер, 2 ноутбук, ошондой эле КР мобилдик операторлорунун 2 миңден ашык сим-карталары табылып, алар интернет алдамчылыгына, социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтарды жана басылмаларды жайылтууга, криптовалюталарды уурдоого колдонулган. Аны менен катар мобилдик мессенджерлердеги, банктык эсептердеги жана электрондук капчыктардагы фейк аккаунттар мыйзамсыз катталган.

Аталган терминалдын кызматынан экстремисттик жана террордук уюмдардын мүчөлөрү өздөрүнүн укукка каршы ишмердүүлүгүндө пайдалануусу мүмкүн экендиги да жокко чыгарылбайт.

Терминал көп сандагы сим-карталарды кошуу жана сактоо жана бир жолку смс активдештирүү коддорун алуу мүмкүнчүлүгү менен бирдиктүү шлюзга интеграцияланган техникалык каражаттардын комплексин билдирет. Бул кызмат “smshub.org” веб-сайтында жеткиликтүү болуп, эсептерди же электрондук капчыктарды активдештирүү үчүн дүйнөнүн каалаган өлкөсүнөн, анын ичинде Кыргызстандан телефон номерлери бар SIM-картаны сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Белгилей кетсек, Ош шаарында аныкталган терминал, "smshub.org". мыйзамсыз сайттынын дилердик пункттарынын бири болгон.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана жүгүртүү") менен кылмыш иши козголуп, республиканын аймагында бул кызматтардан пайдаланган адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

УКМК интернетте алдамчылык жана жеке маалыматтарды уурдоо фактылары көбөйүп жатканына байланыштуу жарандарды сак болууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий