• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Ошто жеке менчикке берилип кеткен оорукананын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 05.04.22./Кабар/. Ошто жеке менчикке берилип кеткен оорукананын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды, - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан социалдык багыттагы жерлер жана имараттар мыйзамсыз берилип кеткендиги боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө.

Текшерүүдө Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында жайгашкан баасы 12 млн 450 миң сомду түзгөн жер тилкесин мэрия тарабынан 2007-жылы Б.А., аттуу жаранга мыйзамсыз берилгендиги аныкталган.

Аталган социалдык жерди кайтаруу боюнча Ош шаардык прокуратурасы мыйзам бузууларды четтетүүнү жөнүндө мэрияга талап келтирип, жогоруда көрсөтүлгөн жер тилке муниципалдык менчиктин балансына алынды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий