Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Ош облусунда жер титирөө катталды, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 2-октябрда саат 12:37де Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Алай районунун Аюу-Тапан жана Осоавиахим айылында 2,5 балл чейин сезилген.
Такталган маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий