Ошто жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Ошто жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, бүгүн, 1-июлда таңкы саат 07:49да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Ош облусунун Чоң Алай районундагы Кара-Шыбак, Жар-Башы, Дароот-Коргон, Чак, Кулчу, Кызыл-Эшме, Жаш-Тилек айылдарында 3 балл, Шибээ, Кабык айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөнүн очогу Кара-Шыбак айылынан 6 чакырым түштүк-батышта, Жар-Башы айылынан 7 чакырым түштүк-чыгышта, Дароот-Коргон айылынан 10 чакырым түштүк батышта жайгашкан.

Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий