Ошто жоголгон 14 жаштагы өспүрүм кыз Бишкектен табылды

Аймак 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Ош облусунда дайынсыз жоголгон 14 жаштагы өспүрүм кыз Бишкектен табылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 20-апрелде “102” кызматына Жумабек жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жашы жете элек кыз жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жөнөтүлүп, көчөдө 14 жаштагы У.Н. аттуу кыз жүргөндүгүн аныкташкан.

У.Н. аттуу кыз 12-апрелде Ош облусунун Өзгөн районундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, издөөгө алынган өспүрүм кыз экендиги белгилүү болгон.

Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери кызды туугандарына өткөрүп берүү үчүн Свердлов райондук милициясына жеткиришкен.

Пикир

Оставить комментарий