Ошто жогорку окуу жайдын деканынын орун басары студенттерден акча талап кылган

Укук тартиби 0


Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Мамлекеттик экзамендерди кабыл алуу учурунда акча талап кылгындагы үчүн жогорку окуу жайдын деканынын орун басары кармалды

УКМК билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралардын комплексин жүргүзүүдө Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин окутуучулары тарабынан студенттерден системалуу түрдө акча чогултуу фактысын аныктады.

2024-жылдын 27-майынан 29-майына чейин КӨЭУнун гуманитардык-педагогикалык факультетинде Кыргызстандын тарыхы боюнча мамлекеттик экзамендер өтүп, анын жүрүшүндө аталган факультеттин деканынын орун басары Д.у.Д., экзамендик комиссиянын мүчөлөрү К.У.Б., А.О., К.Р., А.Н. жана А.А. менен сүйлөшүп, студенттерге жасалма тоскоолдуктарды жаратуу аркылуу алардын ар биринен 1500 сомдон талап кылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, экзамендин эки күнүндө студенттерден болжол менен 300 миң сомго жакын акча каражаты чогултулган.

Топтолгон материалдардын негизинде, 2024-жылдын 28-майында УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү ("Опузалап акча талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголуп, декандын орун басары Д.у. Д. УКМКнын тергөө абагына камалды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарга карата далилдерди чогултуу жана документтештирүү боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий