Ош, 18.03.20. /Кабар/. Ош шаарында жылуулук берүү 18-мартта токтотулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка шаар мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду.
"Жылуулук менен камсыздоочу обьектилерин 2020-2021-жылдын жылытуу мезгилине даярдоо иштерин баштоо жагы тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий