Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Ош шаарында жылуулук өтүүчү кудуктан адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-декабрда болжол менен саат 14:34тө Масалиев көчөсүндөгү кудуктан адамдын (жынысы аныктала элек) сөөгү табылды.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар сөөктү кудуктан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикир
Оставить комментарий