• 86.8
  • 91.76
  • 0.8

Оштогу балдар үйүнүн тарбиялануучуларына кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-апрелде, Ош шаарында Рамазан айынын алкагында “Боорукердик” жатак үйүнүн жана балдар үйүнүн тарбиялануучуларына кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, меценат Шумкар Пазылов катышты.

Акцияда “Боорукердик” жатак үйүнүн карыяларына жана балдарына майрамдык тамак-аш баштыктары, таттуулар, мончо буюмдары, самын жана жуучу каражаттар тапшырылды.

Ошондой эле балдар үйүнүн тарбиялануучуларына самын, жуучу каражаттар, памперстер, балдар үчүн кийим-кечелер, канцелярдык товарлар менен жардам көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий