Оштогу "Исламбек" кафесинин имаратынын курулушу мыйзамсыз — мэрия

Аймак 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү "Исламбек" кафесинин имаратынын курулушуна жана кайрадан реконструкциялоого тийиштүү уруксат иш кагаздары жок. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, пландан тышкары текшерүүдө кафенин түштүк тарабындагы муниципалдык жер тилкесине тиешелүү уруксат кагаздары жок туруп 4,0х10,0 метр келген жер төлөө жана ага кирүүчү тепкичтерди (лестница) куруп алгандыгы аныкталган.

"Жогоруда айтылган жагдайлардан улам тийиштүү материалдар Ош шаардык сотуна доо арыз менен өткөрүлүп берилип, азыркы учурда соттук териштирүү жүрүп жатат", - деп айтылат муниципалитеттин маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий