• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Оштогу “Келечек” балдардын чыгармачылык борборуна көңүл бурулат

Аймак 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 4-сентябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мэр борбордун имаратын көрүп чыгып, ийримдерде окуп жаткан балдар менен пикир алышты. Калаа башчысы чоң музыкалык залды оңдоону жана жылытуу системасын жакшыртуу тапшырмасын берди.

“Келечек” балдардын чыгармачылык борборунда 40 мугалим эмгектенип, 1 жарым миңге жакын бала ар кандай ийримдерге катышат. Комуз, тил, бий, шахмат, тигүүчүлүк, англис тил сыяктуу 21 ийрим бар.

Борбордун 7 бий ансамбли түзүлүп, ар кандай иш-чараларга катышып келет.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жыл сайын 300 миң борбордун имаратын оңдоого, 800 миң сом коммуналдык төлөмдөргө берилип турат.

Мэр “Келечек” борборунан кийин шаардык билим берүү башкармалыгы менен да таанышып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий