• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Оштогу коомдук тамактануучу жайларда санитардык эрежелердин сакталышы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаарындагы калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча координациялык комиссиянын көчмө жыйынын өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, анын жүрүшүндө административдик-аймактык реформанын алкагында шаардын аймагындагы соода-сатык, коомдук тамактануучу жайлар, азык-түлүк саткан дүкөндөр, кичи базарлар, тамак-аш өндүрүш багытында иштеген цехтер санитардык-гигиеналык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча текшерүүгө алынды.

Атап айтканда, Курманжан датка жана Б.Осмонов көчөлөрүнүн боюнда жайгашкан 10го жакын кафе, самсакана, чайканаларга мониторинг жүргүзүлүп, ал жерлерде иштеп жаткан кызматкерлерге азык-түлүктөрдү маркировкалоо, таңгактоо, тамак-аш азыктарын сактоо, санитардык китепчелер боюнча түшүндүрмөлөр, тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.

Аныкталган мыйзам бузууларды үч күндүк мөөнөттө жоюу боюнча тапшырмалар берилди.

Алдыда рейддик иш-чаралар улантылат.

Пикир

Оставить комментарий