Оштогу саркынды сууларды тазалоо системасы жакшыртылып, автоматташтыруу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 17-мартта шаардык «Суу чарба» ишканасынын саркынды сууларды тазалоочу бекетинде жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, калаа башчысы саркынды сууларды тазалоо системасын толугу менен капиталдык оңдоодон өтүшү, жабдуулардын алмаштырылышы, автоматтык башкаруу системасы киргизилиши боюнча жасалып жаткан иштерди көрдү.

Долбоор 2019-жылдын июль айында башталып, 2021-жылдын декабрь айында аяктоосу күтүлүүдө.

Аталган ишкананын маалыматы боюнча, кубаттуулугу күнүнө 20 миң куб метр болгон саркынды сууларды тазалоочу бекеттин 1-комплекси мындан 50 жыл мурун 1965-жылы курулган.

Ош шаарындагы өндүрүштүк ишканалардын, көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун көбөйгөндүгү жана жеке менчик үйлөрдүн саркынды суу тармагына кошулуусунун негизинде саркынды сууларды тазалоочу 1-комплексинин кубаттуулугу жетпей калып, 1977-жылы күнүнө 80 миң м3 саркынды сууларды тазалоочу бекеттин II комплекси курулган.

Ошол мезгилден бери бир дагы капиталдык ремонттоо, жабдууларды алмаштыруу, имараттарды ремонттоо иштери жүргүзүлбөй келген. Натыйжада саркынды сууларды тазалоочу бекеттери моралдык жана физикалык жактан эскилиги жетип, саркынды сууларды тазалоо иштери адам күчү менен гана жүргүзүлүп келген.

1999-жылы “Ош-3000” программасынын алкагында саркынды сууларды тазалоочу бекеттин I комплексинде капиталдык ремонтоо иштери башталып, акча каражатынын жетишсиздигинен токтоп калган.

2014-жылы Өкмөт тарабынан саркынды сууларды тазалоо бекеттин I комплексин капиталдык оңдоо жана ишке киргизүү максатында 9 млн. сом акча каражаты бөлүнүп берилип ремонт иштери жүргүзүлгөн.

Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы жана Швейцария Мамлекеттик Секретариаты тарабынан каржыланган «Ош шаардык таза суу жана канализация тармактарын реабилитациялоо» долбоорунун «Саркынды сууларды тазалоочу бекетин реконструкциялоо» компонентинин негизинде II комплекстин механикалык тазалоо системасы (тактап айтканда Здание решеток, измерительный лоток, песколовки, первичные радиальные отстойники жана насосная станция сырого осадка) толугу менен капиталдык оңдоодон өтүп, жабдуулары алмаштырылды. Натыйжада, адам күчү менен тазаланып келген жумуштар толугу менен автоматташтырылды. Оңдоо иштери 2014-жылдын октябрь айында башталып, 2015-жылдын декабрь айында аяктаган.

«Ош шаарынын таза жана саркынды суу системаларын реабалитациялоо» долбоорунун II фазасынын негизги компоненти – саркынды сууларды тазалоочу станциянын II комплексинин биологиялык тазалоо системасын реабилитациялоо.

Компоненттин алкагында – биологиялык тазалоо системасын (тактап айтканда, аэротенк, БНВС, экинчи катардагы радиалдык тундурмалар, активдүү илдерди кайтаруу системасын, ашыкча активдүү илдерди чыгаруу системасын жана контакттык резервуар) толугу менен калыбына келтирүү жана жаңы жабдууларды орнотуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле компоненттин алкагында, SCADA–автоматташтырылган башкаруу системасын ишке киргизүү каралган. Саркынды сууларды тазалоо системасынын II комплекси толугу менен капиталдык ремонттон өтүп, жабдуулар алмаштырылып, автоматтык башкаруу системасы киргизилет. Натыйжада саркынды сууларды тазалоо станциясынын эффективдүү жана туруктуу иштөөсү камсыз болуп, тазалоо деңгээли 90-95 пайызга көтөрүлөт.

Долбоор 2019-жылдын июль айында башталып, 2021-жылдын декабрь айында аяктоосу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий