• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Оштогу сел. Бүгүн кесепеттерин жоюуга 379 куткаруучу жана 44 техника тартылды

Аймак 0

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Бүгүн, 17-июлда Ош облусундагы селдин кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 379 куткаруучу жана 44 техника тартылды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда облустун Кара-Суу районунда 370 куткаруучу 15 инженердик, 24 атайын техника жана 19 мотопомпа менен селдин калдыктарын тазалоодо. Ал эми Ош шаарында 25 куткаруучу 5 инженердик техника менен иш алып барууда.

Белгилей кетсек, 16-июль күнү Кара-Суу районунда суу кирген 718 турак үйдүн 602си тазаланып бүттү.

Ош шаарынын Төлөйкөн жана Жапалак айыл аймактарында 183 турак үйгө, 2 социалдык объектиге,10 эс алуу жайына жана борбордук базардын 785 соода түйүнүн сел суусу кирген. Күн мурун жалпы 168 турак жай, 2 соцобъект тазаланып, 140м/куб сел калдыктары чыгарылды жана 9 миң чарчы метр аянт зыянсыздандырылды.

Селдин кесепеттерин жоюуга жергиликтүү тургундар, соодагерлер жана Жарандык коргонуу кызматтары да иш алып барышты.

Маселен Ошто 181 жумушчу, 9 инженердик техника, Кара-Сууга 491 кызматкер тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий