• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Оштогу сел. Борбордук базарды ирээтке келтирүү иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Ош шаарында селден кийин борбордук базарды ирээтке келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Ак-Буура дарыясынан өткөн өз билемдик менен мыйзамсыз курулган көпүрөлөрдү алып салуу жумуштары жүрүп жатат.

Белгиленгендей, сел ташкынын кесепеттерин жоюу максатында аткарылып жаткан бул иш-аракеттерге Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери, укук коргоо органдары жана муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий