• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Оштогу селдин кесепеттерин жоюуга 258 куткаруучу жана 20 техника тартылды

Кырсык 0

Бишкек, 14.07.24. /Кабар/. Бүгүн саат 19:00гө карата Ош шаарындагы сел жүргөн аймактарга 258 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алар Төлөйкан айылында жана Кара-Суу районунда селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.

Жеринде ӨКМдин 5 оор техникасы, ага кошумча 15 инженердик техника тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, бүгүн саат 14:00дөр чамасында катуу жаандан улам Ак-Буура дарыясынын деңгээли нугунан ашып, борбордук базарды, Төлөйкан айылын жана Озгур айылындагы Борубай-Ата эс алуу жайын каптаган. Жеринде куткаруучулар 420дан ашуун адамды эвакуациялап, учурда күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий