• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Оштогу шайлоо участкалары жайгашкан мекемелердеги пандустар иликтенет

Аймак 0

Бишкек, 16.03.18. /Кабар/. Бүгүн, 16-мартта Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында Ош шаарында шайлоону жана референдумду өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында, шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүнүн абалын иликтөө боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү. Ага шаардын вице-мэри, жумушчу топтун төрагасы Шакир Зулимов жана жумушчу топтун мүчөлөрү катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө шаардагы мекеме ишканаларда, шайлоо участкаларында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга түзүлгөн шарттар тууралуу талкуу болуп, ага байланыштуу вице-мэр жумушчу топтун мүчөлөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.

“Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн шайлоо участкалары жайгашкан билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият мекемелеринин, административдик имараттардын жана жеке сектордун жеткиликтүүлүгүнүн абалын иликтеп чыгып, жыйынтыгы боюнча сунуштарды 30-мартка чейин мэрияга бериңиздер. Келген сунуштарга карап тиешелүү иш аракеттер жүргүзүлөт”,-деди Ш.Зулимов.

Пикир

Оставить комментарий