• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Оштогу "Жеткинчек" балдардын ден соолугун чыңдоо борбору оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 12.10.24. /Кабар/. Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарынын Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан "Жеткинчек" балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна барды.

УКМКдан билдиришкендей, буга чейин бул мекеме профсоюздар уюмунун балансында болуп, эскилиги жетип, дээрлик жараксыз абалга келген. 1978-жылы пайдаланууга берилген бул лагерь ошондон бери бир жолу дагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Балдарды да жетиштүү эс алдырууга шарттары келбей калган. Эми бул лагерь УКМКнын Ош Башкы башкармалыгынын балансына өткөрүлдү.

Камчыбек Ташиев тез арада бул мекемени "балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна" айлантууну, заманбап шарттарды түзүүнү жана толугу менен жаңылоону тийиштүү жетекчилерге тапшырды. Алдыда мекеме жаңы жатакана, балдар ойноочу спорт аянтчалары, бассейн, чоңдор үчүн да ден соолукту чыңдоо комплекси ж.б. зарыл шарттар түзүлөт. Келээрки жылы жаңылоо иштери аяктап, пайдаланууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий