• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Оштогул сел. Жабырлануучулар насыясын реструктуризациялоо үчүн банктарга кайрыла алат

Экономика 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Ош облусундагы селден жабыркагандар насыяларын реструктуризациялоо үчүн банктарга кайрыла алышат.

Кыргызстандын Улуттук банкынан билдиришкендей, селдин кесепетинен жабыркаган кардарларга колдоо көрсөтүү максатында Улуттук банк колдонуудагы ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын алкагында коммерциялык банктар, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдары кредитти төлөө боюнча кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүү жолу менен кредитти реструктуризациялоого жана колдонуудагы кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүүгө укуктуу.

Кредиттерди реструктуризациялоо үчүн селдин кесепетинен жабыркаган карыз алуучулар финансы-кредит уюмдарына кредитти реструктуризациялоо зарылдыгы жөнүндө жүзүндө арыз менен кайрылууга тийиш.

Улуттук банк бардык финансы-кредит уюмдарына селдин кесепетинен жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүүнү жана алардын реструктуризациялоо арызын артыкчылыктуу тартипте кароону жана кредиттик келишимдин шарттарын (пайыздык ченди жана/же кредиттин мөөнөтүн өзгөртүү ж.б.) жеке тартипте кароону сунуштайт.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" мыйзамына ылайык, өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинен улам келишимдик милдеттенмелер жана башка милдеттүү төлөмдөр токсон календардык күндөн ашык аткарылбагандыгы тууралуу маалыматтар, насыялык маалымат субъекти тарабынан арыз берилген шартта, терс насыялык маалыматка киргизилбейт, анда насыялык маалымат субъектинин өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруусуна таасир эткен өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын киргизилиши менен байланышкан жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш.

Пикир

Оставить комментарий