• 87
  • 90.41
  • 0.84

Оштон Красноярск шаарына үзгүлтүксүз авиакаттамдардын саны көбөйдү

Аймак 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. 22-майдан тарта ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Ош – Красноярск – Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдарды аткара баштады. Натыйжада, Кыргызстандан Россияга үзгүлтүксүз авиакаттамдардын саны көбөйдү.

«Манас» аэропортунан билдиришкендей, каттамдар Airbus A320 учагы менен жумасына 1 жолу - дүйшөмбү күндөрү аткарылат.

Биринчи авиакаттам менен Красноярскка 177 жүргүнчү учуп кетсе, 168 жүргүнчү Ошко учуп келди.

Аталган багыт боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды жумасына 4 жолу башка авиакомпаниялар да аткарып келишет.

Ошондой эле, аталган авиакомпания Бишкек жана Ош шаарларынан төмөнкү багыттар боюнча үзгүлтүксүз жана чартердик каттамдарды аткарат: Москва, Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Сургут, Дели, Лахор, Исламабад, Анталия.

Пикир

Оставить комментарий