• 87.12
  • 94.14
  • 0.98

Оштон Ысык-Көлгө каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда

Саясат 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2023-жылдын 28-июлунан тартып Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча алгачкы каттамын ачып, ошону менен Оштон Ысык-Көлгө туруктуу каттамдардын санын көбөйтүүнү максат кылууда.

«Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, каттамдар жумасына бир жолу - жума күндөрү аткарылат.

Эскерте кетсек, «Тез Жет» авиакомпаниясынын учактары аталган багыт боюнча жумасына 6 жолу - шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү учат.

«Манас» ААКсы аталган багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий