• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Оштун коменданты: Үйдөн чыкпай, жакындарга конокко барууну токтотуп тургула

Аймак 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, Ош шаарынын жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов жергиликтүү тургундарга кайрылуу жасады.

Өз кайрылуусунда Нурдинов элди үйдөн чыкпай, жакырдарга конокко барууну токтотуп турууну суранды.

"Урматтуу Кара-Суу, Ноокат, Ош шаарынын тургундары!

Мен сиздерден комендант катары суранаарым, убактылуу түзүлүп жаткан кырдаалга олуттуу мамиледе карап, үйдөн чыкпай, жакындарга конокко барууну токтотуп турсак. Бул аткарылып жаткан иштер, элдин саламаттыгы үчүн жасалып жаткандыгын түшүнсөк. Өзгөчө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген жарандар өткөрмө бар деп каалагандай басып жүрүүнү токтотушубуз керек.

Биз комендант катары мамлекеттик, муниципалдык жана күч органдарынын жумушка каттагандарын чектөөнү, 10 адам иштесе, аны 4 адамга кыскартууну сунуштап жатабыз", - деп айтылат Нурдиновдун кайрылуусунда.

Пикир

Оставить комментарий