• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Оштун мэри "Кең-Суу" массивиндеги өнөр жай аймактары менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 21.04.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Кең-Сай жаңы конушуна барып, андагы сугат суу жана электр менен камсыздоо маселелери, өнөр жай аймактары менен таанышты.

Таанышууда Ош облусунун суу чарба башкармалыгынын адистери калктуу конуштарды сугат суу менен камсыздоо тутумдары боюнча, ал эми Ош облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгынын кызматкерлери 2010-жылдан бери турак жай конушунун инженердик коммуникация системасын өнүктүрүү боюнча аткарылган иштери тууралуу маалымат беришти.

Иш-чаранын алкагында тиешелүү кызматтарга Кең-Сай массивинин аймагын өнүктүрүүгө бөлүнгөн мамлекеттик каражаттар боюнча бардык керектүү маалыматтарды тез арада даярдоо тапшырмасы коюлуп, ошондой эле өнөр жай зоналарынын, айыл чарба багытындагы Мамлекеттик фонддун жерлеринин чек араларын тактоо милдеттендирилди.

Мындан тышкары, аймакта жергиликтүү тургундар менен да жолугушуу орун алды.

Пикир

Оставить комментарий