Оштун мэри шаардагы тазалыкка өзгөчө көңүл бурууга чакырды

Аймак 0

Бишкек, 05.12.18 /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов "Ош-Тазалык" ишканасынын жаңыдан дайындалган башчысы Нурбек Исмаилов менен көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын башчысы Айгүл Наватованы орун басарлары менен кабыл алды.

Калаа башчысы шаардын тазалыгына өзгөчө басым жасоо керектигине токтолуп, тапшырмаларды берди.

"Шаарды таза сактагыла, тазалык шаардын көркү. Элден арыздануу көп болуп жатат", - деди мэр.

"Эскирген техникалардын ордуна жаңы техникаларды алып келүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Жакында жаңы таштанды контейнерлери да келет. Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасы да арыктардын ичин толук тазалап, ар бир ишкана функционалдык милдеттерин так аткарышы керек", - деп кошумчалады шаар башчысы.

Ошто 7-декабрда жалпы ишембилик өтөөрү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий