• 87
  • 90.43
  • 0.88

Оштун өндүрүшчүлөрү жана ишкерлери продукцияларын Ростов-на-Донуга экспорттой алат

Аймак 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Күн мурун, 29-апрелде, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев Евразиялык “Улуттар жүзү” компаниялар тобунун өкүлдөрү жана Ош шаарынын ишкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн, ишкерлердин продукциясын Орусиянын рыногуна, анын ичинде Ростов-на-Дону шаарына экспорттоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Маалыматка ылайык, Евразиялык “Улуттар жүзү” компаниялар тобунун башкы директору Замирбек Ходжаев билдиргендей, Россия рыногундагы түзүлгөн шарттарга байланыштуу Кыргызстандын айыл-чарба өндүрүүчүлөрү жана өнөр жай субъектилери өздөрүнүн продукциясын Россиянын рыногуна ири соода түйүндөрүндө экспорттоого мүмкүнчүлүк бар.

Мындан сырткары, Ош шаарынын өндүрүшчүлөрү жана ишкерлери 20-21-май күндөрү өтө турган “Дени сак муун” эл аралык форум-көргөзмөсүнө катышууга чакырылды. Анда ишкерлердин ортосундагы байланышты жакшыртууга көмөктөшүп, туризмди, билим берүүнү жана медицинаны өнүктүрүү, Россиянын продукциясын өндүрүүчүлөрдөн Кыргызстанга түз жеткирүү маселелерине көңүл бурулат.

Марс Исаев белгилегендей, Ош шаарынын өндүрүшчүлөрүнүн россиялык ишкерлер менен өз ара аракеттенүүчү үчүн зарыл шарттар түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий