• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Оштун вице-мэри көп кабаттуу үйлөрдүн арасындагы тазалыкты текшерди

Аймак 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаев Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун тазалаган "Иштерман КЖ" жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, короолордун тазалыгын камсыз кылууда ар бир жашоочу менен келишим түзүп, иш алып барууну тапшырды.

Мындан сырткары, муниципалдык аймактык башкармалыктын башчысына жана кварталдык комитеттерине эл менен тыгыз кызматташып, өздөрүнүн аймагында тазалыкты камсыз кылуу керектигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий