• 87
  • 90.41
  • 0.84

Осмон-Ата суу сактагычындагы тоңгон музга барууга тыюу салынды

Аймак 0

Бишкек, 12.01.21. /Кабар/. Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагындагы Осмон-Ата суу сактагычында тоңгон музга баруучуларга тыюу салынып, жолго атайын күзөт коюлду. Бул тууралуу район башчысы Таалайбек Жайылов билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү жашоочулар аталган көлгө барып, өз алдынча муз тебүү аянтчасына айланткан. Көл терең болгондуктан муз жарылып, сууга түшүп кетүү коркунучу бар.

Участкалык милиция жана жергиликтүү бийлик кызматкерлери тарабынан алдын алуу чаралары күчөтүлүп, жолго атайын күзөт уюштурулган. Аны менен бирге тургундарга да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий