Отуруштан кийин курбусун бычак менен сайган кыз 3 жылга шарттуу соттолду

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. Отуруштан кийин курбусун бычак менен сайган кыз 3 жылга шарттуу соттолду. Бул тууралуу КРнын Жогорку сотунун басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунда 2018-жылы курбулар эки жигит менен отуруш уюштуруп, спирт ичимдиктерин ичишкен. Отуруштан кийин О.А. жана А.К. аттуу кыздар үйүнө кетишкен. Ал жактан А.К. аттуу кыздын жүрөгү айланып, кусуп салган.

Ошол маалда А.О. аттуу кыз чыдабай курбусун бетке чаап, кийин бычак менен курсака сайган. Анын айтуусунда, кайдан анын колунда бычак пайда болгондугун өзү билбейт. Жасаган ишин моюнуна алып, өкүнөөрүн айткан.

Жабырлануучу билдиргендей, курбусу аны чын эле бычак менен урган. Жараат чоң болбогондуктан, ал ооруканага кайрылган эмес. Бирок, эртеси бычактан алган жаракаты ириңдеп баштаган. Ошол себептен ооруканага кайрылууга мажбур болгон. Ал эми дарыгерлер бул окуя боюнча милиция кызматкерлерине билдирүү берген.

Учурда жабырлануучу кайчылаш арыз жазып, курбусун коё берүүнү суранган, бирок сот тийиштүү материалдардын баардыгын изилдеп чыгып, айыпталуучуну 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Бул чечимди 3 жылга шарттуу деп саноо деп айтылат соттун чечиминде.

Пикир

Оставить комментарий