• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Отуз жылга тете үч жыл. Даректүү тасма

Коом 0


Кыргыз Республикасы 1991-жылы 31-августта Көз карандысыздык жөнүндө декларациясын кабыл алып, өз алдынча республикага айланган. 32 жылда түрдүү окуяларды башынан өткөрүп, бир далай кырларды ашты. Бул убакыт аралыгында беш президент, ондогон өкмөт башчы, спикерлер алмашты. Кыргызстандыктар кандуу Баткен, Аксы окуяларын, 2005-жылдагы Март, 2010-жылдагы Апрель окуяларына күбө болду. Пандемия маалында ак халатчандардан, чек арадагы куралдуу кагылышууларда баатыр жоокерлеринен айрылды. Кыйынчылыктарга, оор күндөргө моюн сунбаган күжүрмөн эл, илгери үмүт менен, көз карандысыз өлкө катары бүгүнкү күндө өз жолун мына ушинтип улап келет. Бул даректүү тасма Кыргыз Республикасынын эгемен тарыхындагы акыркы үч жылын чагылдырат.

Пикир

Оставить комментарий