• 87
  • 90.43
  • 0.88

Пайдалуу кеңеш: Манжалар менен чачты тараса ак түшпөй, баш оорунун алдын алат

Дүр дүйнө 0

Сулуу жана дени сак болом десеңиз төмөндө тизмектеле турган көнүгүүлөрдү аткаруу керек;

  • Адамдын алакандарын бири-бирине тийгизип ушалап, ысыгандан кийин бетти, кулактарды, анын түбүн, мурунду жана көздөрүнүн түбүн бир нече жолу ушаласа, анда ошол жердеги кандын жүрүшү жакшырып бузулбайт, бетке бырыш кирбейт. Бул ыкманы ар дайым жасап туруу керек;
  • Адамдын чачын колдун манжалары менен тароо, баштын терисин кызарганга чейин ушалоо, бул баш ооруну алдын алат, ооруса токтотот, чачка ак киргизбейт;
  • Адамдын тишин бири-бирине тийгизип бир нече жолу шакылдаткан болсок, анда адамдын шилекейи арбын болуп тамак жакшы сиңирет, денени белоктор менен камсыз кылат, тиш өз ордунда бек болот да, оорубайт;
  • Адамдын тилин өйдө-ылдый кыймылдатканда шилекей пайда болот, аны жутуу керек, бул да тамак-ашты жакшы сиңирет;
  • Адам алаканы менен кулакты катуу басып, кайра кое берсе кулактагы күң тез эле жоголот. Мындай ыкманы бир нече ирет кайталоо керек, бул кулактын угуу касиетин жакшыртат;
  • Адамдын денесин мүмкүн болушунча кол менен ысыганга чейин кармашы керек. Муну “куру-жумуш” деп атоого болот. Бул ыкма кандын денеге айлануусун жакшыртат, денени чарчашынан, буту-колдун уюшунан сактайт.

Пикир

Оставить комментарий