• 87
  • 90.63
  • 0.79

Пайдалуу кеңеш. Жер титирөө учурунда өзүн алып жүрүүнүн эрежелери

Коом 0


Табигый күчтөрдүн таасиринен улам жер бетинин термелиши – жер титирөө же зизала деп аталат.

Жер титирөө көп учурда тектоникалык процесстердин натыйжасында, айрым учурда жанар тоолордун атылышынан, ал эми чанда учурда гана жер көчкүдөн келип чыгат.

Статистикага көңүл бурсак, жылына жер шарында 100 миңдеген жер титирөөлөр катталат. Алардын көпчүлүгү анчалык катуу болбогондуктан, адамдар сезбей калган учурлар болот.

Орто эсеп менен алганда, жылына бирден кыйратуучу жер титирөө кырсыгы орун алат. Мунун кесепетинен, шаар-кыштактар талкаланып, адамдар зыянга учурайт.

Жер титиреген учурда сактала турган эрежелерди билип алыңыз.

- Эгерде столдун жанында болсоңуз, анда столдун алдына кирип, башыңызды жана мойнуңузду колдоруңуз менен жабыңыз;

- Терезелерден, дубалда илинип турган предметтерден, бийик эмеректерден, ири тиричилик приборлорунан жана оор буюмдар салынган шкафтардан алыс туруңуз;

- Эгерде имараттын ичинде болсоңуз, жер титиреп бүткөнгө чейин чыкпай туруңуз;

- Керебетке жаткан болсоңуз, ордуңуздан жылбай башыңызды жаздык менен жабыңыз;

- Көп кабаттуу имараттарда өрт коопсуздугунун сигналдардын иштей башташын эстен чыгарбай, паникага алдырбаңыз;

- Балконго чыкпаңыз, от жакпаңыз, эшикти ачып түбүнө туруңуз;

- Эгерде сиз майыптар коляскасын колдоно турган болсоңуз, анын дөңгөлөктөрүн бекитиңиз да, башыңызды жабыңыз.

Пикир

Оставить комментарий