• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Пакистандык ишкерлердин Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу макулдашылды

Коом 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. 29-июнда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Гужранвала шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Мухаммад Шоаиб Батт жана ардактуу мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, элчи Тотуяев өз сөзүндө кыргыз тарабы кызматташууну өнүктүрүүнүн кеңири перспективаларын эске алуу менен Пакистандын ар бир аймагы менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Буга байланыштуу ал пакистандык бизнес өкүлдөрүн Кыргызстандын жана келечекте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторуна чыгуу менен өз ишмердүүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстандагы келечектүү долбоорлорго инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды.

Тараптар ошондой эле соода, инвестиция, энергетика, тоо-кен, маалымат технологиялары, транспорттук коммуникациялар жана курулуш тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташуунун келечегин изилдөө үчүн ушул жылы Гужранваланын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына иш сапарын уюштурууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий