Кыргызстанга Пакистандын тышкы иштер министри келет

Саясат 0

Бишкек, 21.05.24./Кабар/. Кыргызстанга Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Пакистандын ТИМ башчысы Астана шаарында өтүп жаткан ШКУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны аяктаган соң Бишкекке жол тартат.

Бишкекте Мохаммад Исхак Дар Кыргызстандын медициналык мекемелеринде дарыланып жаткан пакистандык жарандарга барууга ниеттенүүдө.

Мындан тышкары, Пакистандын ТИМ башчысынын Кыргызстандын министрлер кабинетинин жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий