Бишкек, 29.11.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Пандемиядан кийин мектептердеги билим берүүнүн сапатын калыбына келтирүү жана окуу процессиндеги кемчиликтерди жоюу максатында 2021-жылы башталган "COVID-19дун кесепетинен жабыркаган балдарга сапаттуу билим берүүнү камсыздоо" долбоору өз ишине баа берүүдө.
Билим берүү жана илим министрлиги, Япония элчилиги жана ЮНИСЕФ уюму тарабынан долбоордун жабылышы белгиленип, аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, жетишкендиктер маалымдалууда.
Белгилей кетсек, Япония өкмөтүнүн жалпы салымы 2,7 млн АКШ долларын түзгөн бул үч жылдык долбоор COVID-19дун билим берүү тутумуна тийгизген таасирин жоюуга жардам берди. Мисалы, санитардык-гигиеналык буюмдарды сатып алуу, ошондой эле мектептер жабылганда дистанттык окутууга катыша албаган балдарды окутуу иштери жүргүзүлгөн.
Мында санариптик трансформация негизги артыкчылыктардын бири катары эсептелип, мектептерге миңден ашык компьютерлер алынып, мугалимдер информатика багыты боюнча окутулган.
Ошондой эле окуу программаларын ишке ашыруу боюнча атайын окуудан өтүшкөн 10 миңден ашык мугалимдер окуучуларга окуудагы кемчиликтерди жоюуга жардам беришти. Натыйжада окуучулардын окуудагы жетишкендиктери 15-20 пайызга жакшырган.
Долбоордун жыйынтыкталышына Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Жылдын Хидэки, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Жунг Тапа жана өлкөнүн билим берүү тармагынын кызматкерлери, мектеп мугалимдери катышууда.
Пикир
Оставить комментарий