• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Пандемияга байланыштуу Кыргызстан менен Россиянын товар алмашуусу азайды

Экономика 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Пандемияга байланыштуу Кыргызстан менен Россиянын товар алмашуусу азайды. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-отурумунда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Асрандиев, ага карабастан бул нерсе кырдаалды жакшыртууга кошумча аракеттерди көрүүгө түрткү берерин белгиледи.

Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук да эки өлкөнүн товар алмашуусу азайганын айтып өттү.

"Бул кырдаал товар алмашууну калыбына келтирүү үчүн жаңы жолдорду издөөгө түрткү берет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий