Панфилов районунда диний-экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Панфилов районунда “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чуй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук милициянын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы Facebook социалдык түйүнү аркылуу Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" уюмуна тиешелүү материалдарды таратуу менен алектенген баракчаны аныктаган.

Алынган материалдар Соттук экспертизанын корутундусуна ылайык, "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмуна таандык экендиги тастыкталган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Эстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кант шаарынын 1986-жылы туулган Р.А. аттуу тургуну кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал диний-экстремисттик уюмга тиешелүү материалдарды жайылтуу менен алектенгенин мойнуна алган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий