• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Панфилов районунун Фрунзе айылында 100 орундуу мектептин курулушу башталды

Коом 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Панфилов районунун Фрунзе айыл аймагындагы Чорголу мектебинин 100 орундуу жаңы имаратынын курулушу башталды.

Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мектептин курулушуна республикалык бюджеттин эсебинен 47,7 млн сом каралган.

Белгиленгендей, бул айылдагы эски мектеп авариялык абалга келген. Анда 85 окуучу билим алат.

Пикир

Оставить комментарий