Бишкек, 28.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасы “Дүйнө Гран-При” эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Мелдеш Түркиянын Анталия шаарында 29-марттан 2-апрелге чейинки аралыкта өтөт.
Курама команданын тизмеси:
- Фердауза Убакирова (48 кг);
- Темирдан Абдикеримов, Алихан Жумагулов (60 кг);
- Маматибрагим Суранов (73 кг).
- Байбол Саламат уулу коштоочу — машыктыруучу;
- Айзада Жээналиева коштоочу — машыктыруучу.
Курама команда башкы машыктыруучу Канатбек Имяновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Пикир
Оставить комментарий