• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Пара менен кармалган сот жумушка чыгып, иштерди карап жатат деген маалымат туура эмес – Жогорку сот

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Финансы полициясы тарабынан пара алып жатканда кармалганы айтылган сот М.Орозбакова жумушка чыгып, иштерди карап жатат деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Жогорку соттон белгилешкендей, "Кыргыз Республикасынын сотторунун макамы жөнүндө" мыйзамынын 30-беренесине ылайык, сотту кылмыш жоопкерчилигине тартууга КР башкы прокурорунун сунуштамасы, Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын макулдугу менен жол берилет.

"Сотту кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн башкы прокурор Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына тиешелүү сунуштама берип, анда кылмыш ишинин жагдайлары, сот айыпталып жаткан мыйзамдагы берене, кылмыш жоопкерчилигине (айыпталуучу катары) тартууга уруксат берүү тууралуу өтүнүч келтирилет", - деп билдирет Жогорку сот.

Аны менен бирге Жогорку сот, азыркы тапта Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына сотту кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунуштама түшпөгөндүгүн билдирет.

Белгилей кетсек, Финансы полициясы, 12-март күнү алардын кызматкерлери тарабынан 2 миң доллар өлчөмүндө пара алууга шектелип Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы "О.М." кармалганын билдирген.

Ал эми бүгүн Финансы полициясы ал сот коё берилгенин билдирген. Алар соттун коё берилгендигин анда кол тийбестик бар болгондугу менен түшүндүрүп, кол тийбестикти алуу маселе каралып жатканын белгилешкен.

Айрым ММКлар сот кое берилгенден кийин жумушка чыкканын жазып чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий