• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Паралимпиада оюндарында кыргызстандык 4 спортчу мөрөй талашат – жүгүртмө

Спорт 0

Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. Бүгүн Парижде Паралимпиада оюндарынын оту жанат. Жайкы Олимпиаданы үч ирет кабыл алган Париж шаары 11-августта оюндарды салтанат менен жыйынтыктап, эми Паралимпиада оюндарынын отун жандырганы турат.

Дүйнөнүн булуң-бурчунан Парижге барган майыптыгы бар спортчулар эң баалуу өмүрдү, ден соолукту, намысты, эркти, спортту жана өз өлкөсүн даңазалап, мөрөй талашмакчы.

Паралимпиада оюндары — майыптыгы барлар үчүн өткөрүлүүчү эл аралык спорттук мелдеш. Паралимпиаданын алгачкы мелдешине омуртка оорусунан жабыркагандар катышкан. Кийинчерээк башка оорулардын айынан да майыптыкка чалдыккандар катышып, улам кулачы кеңири жайыла баштап, эл аралык аренада таанылып, өзүнчө олимпиадалык оюндардын деңгээлине жеткен.

Паралимпиадалык оюндардын жаралышы

Англиялык нейрохирург Людвиг Гуттмандын эмгеги менен майыптар спорт чөйрөсүнө аралашкан. Ал Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Сток-Мандевиль госпиталында жүлүнү жабыркап, майыптыкка чалдыккан согуш ардагерлерин топтойт. Майыптарды дарылап жатканда аларга жаа тарттырып, бастырып, гимнастика жасатып, спорт менен машыктырып, жашоого болгон үмүтүн жандырган.

Ошентип, жарым жан ардагерлерди спорт чөйрөсүнө жетелеп, ооруну да жеңүүгө болоорун далилдеп, алар үчүн мелдеш өткөрүүнү чечет. Майыптардын алгачкы спорттук мелдеши 1948-жылы госпиталдын атынан “Сток-Мандевиль мелдеши” деп аталып, ага улгайгандар, согуш ардагерлери жана майыптар катышат. Ошол күндөн тартып, жыл сайын майыптардын мелдеши өткөрүлүп баштап, таасири артып, кызыккандар көбөйөт. 1960-жылы Италиянын Рим шаарында өткөн жайкы Олимпиада учурунда “Сток-Мандевиль” мелдеши тогузунчу жолу уюштурулуп, ал мелдеш алгачкы Паралимпиада оюну деп расмий аталып калат. Ал мелдешке 23 өлкөдөн 400 майып спортчу катышат.

4 жылдан кийин майып спортчулардын Эл аралык спорттук уюму түзүлүп, 16 өлкө мүчө болот. 1964-жылы Токио Паралимпиадалык оюндарында расмий түрдө желек көтөрүлүп, гимн ойнотулат. Паралимпиаданын расмий эмблемасы да ошол жылы иштелип чыккан. Ал эми 1976-жылкы кышкы Паралимпиада оюндары алгач ирет Швециянын Эрншельдсвик шаарында старт алып, төрт жылда бир ирет өткөрүлүп келе жатат.

Паралимпиада мелдештер түрлөрү

Чындыгына спорт тоскоолдуктарды тааныбай турганын майыптардын спорттук мелдештеринен көрүүгө болот. Париждеги Паралимпиада оюндарында жаа атуу, ок атуу, бадминтон, жеңил атлетика, футбол, бочче, каноэде жарыш, веложарыш, ат спорту, голбол, дзюдо, кайыктагы парус жарышуу, отуруп ойночу волейбол, отуруп ойногон баскетбол, сууда сүзүү, арабадагы теннис, таэквондо, фехтования, триатлон, пауэрлифтинг жана арабадагы регби спорту боюнча мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө байгелер ыйгарылат.

Коңшу өлкөлөр жана Кыргызстандын катышуучулары

Алгач кыргызстандык спортчулардан баштасак. Жеңил атлетика боюнча Гүлназ Жүзбаева 1-сентябрда Бишкек убактысы боюнча 14:10да өлкө намысын коргойт. Кыргызстандык спортчулардан Паралимпиада оюндарына биринчи жолдомону көзү азиз жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева жеңип алган. Аны жарыштарда жетектөөчү Юлия Фурнас коштоп чуркайт. Ал паралимпиадалык жеңил атлетика боюнча 1 миң 500 метр аралыкка Паралимпиада оюндарына катышуунун нормативин Ноттвиль шаарында (Швейцария) өткөн эл аралык гран-при мелдешинде аткарган.

Гүлназ Жүзбаева - Кыргызстандын азиздер федерациясынын негиздөөчүсү. Уюм реабилитациялык тренинг аркылуу көрүүсү начар адамдарга көз карандысыз жашоо ыкмаларын үйрөтөт. Ал майыптарга ар тараптан жардам берип, жашоого болгон үмүтүн жандырып, спорттук жеңиштерге шыктандырып келатат. Гүлназ майыптардын жаңы коомун түзүп, 2016-жылдан бери көрүүсү начар адамдар арасында билим берүү, маданий жана коомдук кайрымдуулук долбоорлоруна катышып, майыптарга камкордук көрсөтүүдө.

Азиянын эки жолку чемпиону, триатлончу Айтунук Жоомарт кызы. Азиянын эки жолку чемпиону, триатлончу Айтунук Жоомарт кызы 2-сентябрда Бишкек убактысы боюнча 14:10да жарышка чыгат. Триатлон мелдештери: сууда сүзүү, велосипед жана кросс спорту деп үчкө бөлүнөт. Ал азиздер арасында Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын жана эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Айтунук триатлон менен 2021-жылдан бери алектенет. Ал эми 2022-жылы ал дүйнө кубогунун этаптык мелдештеринде эки аралыкта коло медалга ээ болгон. 2023-жылы пара-триатлон боюнча дүйнө кубонунун күмүш байге ээси жана Азия чемпиону аталган.

Айтунуктун машыктыруучусу спорттун заманбап беш түрү боюнча Азия оюндарынын күмүш байге ээси, Азиянын көп жолку чемпиону, дүйнө кубогунун жеңүүчүсү Андрей Ханадеев.

Ооруну жеңген азиз дзюдочу Маматибраим Суранов. Парадзюдочу Маматибраим Суранов 73 кг салмакта 6-сентябрда Бишкек убактысы боюнча 14:00дө татамидеги таймашууларга чыгат. Ал азиздер арасында дзюдо боюнча өлкө намысын коргойт. Парадзюдо боюнча ар бир салмак категориясында алдыңкы 12 орунду ээлеген спортчулар оюндарга жолдомо ыйгарылган. Суранов 73 кг салмакта 11-орунду ээлегендиги үчүн Парижге жолу ачылган. Ал Азия чемпионатында эки ирет коло байге уткан. Эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. Мурда бокс, дзюдо менен машыгып, көк бөрү мелдештерине катышкан.

Чоюн билек балбан кыз Миргүл Болоталиева. Париж Паралимпиадасына төртүнчү жолдомо 39 жаштагы Миргүл Болоталиевага таандык. Ал өлкө намысын пара-пауэрлифтинг, тактап айтканда, штанга көтөрүү боюнча коргойт. Ал 86 килограммга чейинки салмак категориясында катышуучулар арасында 8-сентябрда Бишкек убактысы боюнча 14:35те күч сынашат. Ал Кыргызстандагы пара-пауэрлифтинг боюнча жалгыз спортчу. Буга чейин Болоталиева армрестлинг менен алектенип, Кыргызстандын чемпиону болгон. 2021-жылдан бери пауэрлифтинг менен машыгат. 2024-жылкы Паралимпиадага бир нече ай калганда пауэрлифтинг боюнча өзүн сынап көрүүнү чечип, алгачкы устаты, эл аралык спорт чебери, майып спортчу Эсен Калиевдин сунушу менен машыга баштаган.

Миргүл спорттук жашоосунан тышкары тигүү фабрикаларына уникалдуу үлгүлөрдү жаратат. Кесиби боюнча бухгалтер, экинчи кесиби - тигүүчү, дизайнер-конструктор.

Коңшу Казакстандан Париж Паралимпиадасына спорттун 8 түрү боюнча 21 спортчу жолдомо алган. Өзбекстан бул жолу өздөрүнүн тарыхында рекорд жаңыртып, Парижге 65 майып спортчусун Паралимпиадага алып барды.

Паралимпиаданын рекорддорун жаңырткандар

1964-жылы Токио Паралимпиадасында италиялык Роберто Марсон жеңил атлетика боюнча 2 алтын медаль жеңип алган. Ал ошол эле учурда сууда сүзүү жана фехтование менен машыгып, 4 жылдан кийин Израилде аталган спорттун 3 түрү боюнча 9 медаль тагынган. 1976-жылы Торонто Паралимпиадасында канадалык 18 жаштагы Арни Больд көпчүлүккө үлгү болгон. 3 жашында 1 бутунан айрылган Больд бийиктикке секирүү боюнча дүйнөлүк рекорд койуп, 186 см багындырган. Ал 1980-жылы бул рекорддун 196 сантиметрге жеткирген.

2000-жылы Сидней Паралимпиадасында австралиялык сууда сүзүүчү Сиобхан Пейтон дүйнөлүк рекорддорду жаңыртып, 6 жолу алтын медаль тагынган. Пейтон акыл-эсинин өсүшү жагынан өзү теңдүүлөрдөн артта калган спортчу болуп саналат. 2004-жылы Афина Паралимпиадасында америкалык сууда сүзүүчү Триша Зорн 40 жашында 55-медалын утуп алууга жетишкен. Анын көзү сокур болгон. 6 ирет Паралимпиадага катышып, 9 жолу дүйнөлүк рекорд жаңырткан. 2008-жылы Пекин Паралимпиадасында африкалык, протездүү жөө күлүк Оскар Писториус 3-жолу олимпиада чемпиону аталган. Писториус 11 айында тубаса дарт менен 2 бутунан тең ажыраган спортчу болгон.

Кабыл Макешов, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы.

Пикир

Оставить комментарий